Чүйдө IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод иштей баштады

IQF — бул ар бир азыкты өзүнчө тоңдурган технология. Мында жашылча-жемиштер формасынан кетпей, бири-бирине жабышпай сакталат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Чүйдүн Москва районунда IQF технологиясы менен мөмө-жемиштерди тоңдурган завод иштеп баштаганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, завод "Кыргыз продукт борбору" ЖЧКсы соода-логистикалык борборунун базасында ачылып, ага Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 4 миллион доллар бөлгөн.
1 / 4

Чүйдүн Москва районунда IQF технологиясы менен мөмө-жемиштерди тоңдурган завод иштеп баштады

2 / 4

Завод "Кыргыз продукт борбору" ЖЧКсы соода-логистикалык борборунун базасында ачылып, ага Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 4 миллион доллар бөлгөн.

3 / 4

Заводдун ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, ар бир ишкананын, заводдун ишке берилиши мамлекет үчүн өтө маанилүү экенин айткан.

4 / 4

Өкмөттүн маалымат кызматы мындай завод өлкөдө биринчи жолу ачылып жатканын кошумчалаган.

"Логистикалык кампага 4 миң тонна айыл чарба продукциясы батат. Ишкерлер өлкө боюнча 1 000ден ашык фермерден жашылча-жемиш сатып алат", — деп айтылат маалыматта.
Заводдун ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, ар бир ишкананын, заводдун ишке берилиши мамлекет үчүн өтө маанилүү экенин айткан.
"Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөндөн берки 9 жылдын ичинде ири инфраструктуралык долбоорлорду каржылоонун аркасында өлкөбүздүн экономикасын модернизациялоонун жана өнүктүрүүнүн катализаторлорунун бири болуп калганын белгилей кетүү керек. Жалпысынан бул фонд тарабынан суммасы 589 миллион 889 миң долларлык 3 368 долбоор каржыланган. Алардын жалпы санынын 56 пайызы айыл чарба тармагына туура келет", — деген ал.
Өкмөттүн маалымат кызматы мындай завод өлкөдө биринчи жолу ачылып жатканын кошумчалаган.
IQF — бул ар бир азыкты өзүнчө тоңдурган технология. Мында жашылча-жемиштер формасынан кетпей, бири-бирине жабышпай сакталат.
Бишкекте РКӨФтүн колдоосу менен дагы бир завод ачылды. Чоо-жайы