Кыргызстан быйыл калкты негизги социалдык маанилүү азык-түлүктүн жети түрү менен камсыздаганга даяр. Буга чейин сүт, жер-жемиш, картошка менен гана керектөөбүздү жаап келсек, эми тизме эт, дан азыктары, кант жана жумуртка менен толуктала тургандыгын Маил Алияскаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, декабрдын башына карата республика боюнча оруп-жыюу өнөктүгү толугу менен жыйынтыкталды.
"Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир топ иш жасады. Алсак, 2022-жылы Кыргызстан өзүн азыктын үч гана түрү менен камсыз кылган. Быйыл калкты негизги социалдык маанилүү азык-түлүктүн жети түрү менен камсыздаганга даяр. Буга чейин сүт, жер-жемиш, картошка менен гана керектөөбүздү жаап келсек, эми тизме эт, дан азыктары, кант жана жумуртка менен толукталат. Учурда дыйкан, фермерлер үчүн бардык жагымдуу шартты түзүп, сапаттуу продукция алууга аракет көрүп жатабыз. Тилекке каршы, ушул жылы дагы климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу кургакчылык болуп, пландалган көрсөткүчтөргө толук жетишпей калды", — деди Алияскаров.
Ошондой эле адис жайлоолордун деградацияланып жаткан абалын эске алып, 10 миң гектар жайыт жерге Россиядан жогорку сорттогу жайыт үрөндөрүн алып келип, себүү иштери тарыхта алгачкы ирет жасалганын кошумчалады.