Радио

Евразиялык патенттик ведомстволор арасында Кыргызстан алдыңкы орунда

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин эл аралык бөлүмүнүн башкы адиси Салийка Уракеева Кыргызстан 1995-жылдан тарта Евразиялык патенттик уюмга мүчө болуп, ага кирген сегиз өлкө менен кызматташарын айтты.
Sputnik
Евразиялык патенттик ведомстволор арасында Кыргызстан алдыңкы орундарда туруп, эл аралык байланышты чыңдоодо, чөлкөмдөгү интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жаатында жана интеллектуалдык санариптештирүүнү камсыз кылууда ири долбоорлорго катышып келет. Бул тууралуу Салийка Уракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2022-2026-жылдарга Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы бекитилип, натыйжалуу экосистеманы калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү максаты коюлган.
"Кыргызстан 1995-жылы Евразиялык патенттик конвенцияны ратификациялап, Евразиялык патенттик уюмга мүчө болуп, ага кирген сегиз өлкө менен тыгыз кызматташып келет. Уюмдун башкы кеңсеси Москвада жайгашкан, ага Кыргызстан, Түркмөнстан, Россия, Казакстан, Беларусь, Тажикстан, Азербайжан жана Армения кирет. Мында бирдиктүү патенттик мейкиндикти түзүү максаты коюлган. Евразиялык патенттик ведомстволор арасында Кыргызстан алдыңкы орундарда туруп, эл аралык байланышты чыңдоодо, чөлкөмдөгү интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жаатында жана интеллектуалдык санариптештирүүнү камсыз кылууда ири долбоорлорго катышып келет", — деди Уракеева.
Ошондой эле адис Москвада экинчи ирет Интеллектуалдык менчик жана технологиялар боюнча конференция өтүп, соода-сатыкты өнүктүрүү, бизнес чөйрөсүнө байланышкан актуалдуу маселелер талкууланганын кошумчалады.