Бишкекте РКӨФтүн колдоосу менен дагы бир завод ачылды. Чоо-жайы

Ишкана суткасына 25 тонна продукция өндүрөт, 125 адам жумуш менен камсыз болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз чыгарган завод ачылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз чыгарган завод ачылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди

2 / 3

Ишкананын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, соңку 5 жылда кагаздан жасалган буюмдарды Кыргызстанга импорттоонун көлөмү өскөнүн, ушул жылдын 9 айында эле 3,4 миллион долларга 3,9 миң тонна санитардык-гигиеналык багыттагы кагаз продукциясы алып келингенин белгилеген

3 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы долбоор Россия менен соода-экономикалык мамилелерди дагы бекемдей турганын айтып, чийки заттын (макулатура) 70 пайызы Россиядан алынарын белгилеген

Ага ылайык, ишкананын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, соңку 5 жылда кагаздан жасалган буюмдарды Кыргызстанга импорттоонун көлөмү өскөнүн, ушул жылдын 9 айында эле 3,4 миллион долларга 3,9 миң тонна санитардык-гигиеналык багыттагы кагаз продукциясы алып келингенин белгилеген.
"Биз мындай экологиялык жактан таза жана жогорку суроо-талапка ээ продукция чыгарган ишканаларды ачуу менен кагаз буюмдарына болгон импорттук көз карандылыктын деңгээлин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн көрүп жатабыз", — деген ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы долбоор Россия менен соода-экономикалык мамилелерди дагы бекемдей турганын айтып, чийки заттын (макулатура) 70 пайызы Россиядан алынарын белгилеген.
Маалым болгондой, заводду ачуу үчүн Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду менен "ИФА" ЖЧКсынын ортосунда 3,2 миллион долларга келишим түзүлгөн. Ишкана суткасына 25 тонна продукция өндүрөт, 125 адам жумуш менен камсыз болгон.
РКӨФтүн Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө көрсөтүп жаткан көмөгү. Сандар