Саламаттык сактоо министри: балдар ооруусу эки себептен улам көбөйүп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев балдар ооруусу эки себептен улам көбөйүп жатканын айтты.
Биринчиси — 1️8 миң баланы ата-энеси эмдетүүдөн баш тарткан. Ооруларды алдын алуу үчүн 13 эмдөөдөн өтүү керек. Аны албай калса кесепетин кийин тартып, полиомиелит, малярия, кызылчага кабылат. Муфтият менен бирге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Экинчиси — климаттын бузулушу, абанын таза эместиги. Кыш-жаз айларында бронхиалдык астма, аллергия көбөйүүдө.
Министр алдын алуу иштери жүрүп жатканын белгиледи. Ошондой эле коңшулаш өлкөлөрдө да ушундай кырдаал экенин кошумчалады.
Кыргызстанда балдар өлүмүнүн көрсөткүчү жогору бойдон калууда. Себептери