Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Путин Украина менен токтобойт". Байден Россия НАТОго чабуул коёрун айтты

Байден ыкчам кайрылуусунда конгрессти Киев үчүн каражат бөлүү сурамын тез арада канааттандырууга чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Россия Украинада жеңишке жеткенден кийин НАТО өлкөлөрүнө чабуул коёт деген бекем ишенимде экенин билдирди. Бул тууралуу ал конгресске Киев үчүн каражат бөлүү сурамын тез арада канааттандырууга чакырган кайрылуусунда айтканын РИА Новости жазды.
Америка президенти конгресс Украинаны колдоо боюнча сурамды канааттандырбаса АКШ Россия менен түз тирешиши мүмкүн деп эсептейт. Байдендин айтымында, Украинага жардам Россиянын үстөмдүгүнө жол бербөө үчүн көрсөтүлөт, анткени РФ атайын операцияны жыйынтыктап эле токтоп калбайт.
"Путин Украинаны алып токтоп калбайт, андан ары жылып НАТО боюнча союздашка чабуул коёт", — деди Байден кайрылуусунда.
NBC News телеканалынын маалыматы боюнча, конгресстеги Демократиялык жана Республикалык партиялар Украина, Израиль жана Тайванга кошумча колдоо көрсөтүү тууралуу Байдендин сурамы боюнча эпке келе албай коюшкан. Буга миграциялык мыйзамдагы ача пикирлер себеп болду.
Эгер конгресс Украина боюнча азыр бир пикирге келе албаса, бул маселеге жыл жаңыргандан кийин гана кайрыла алат. Майрамдык каникулдан кийин конгресс ишин 14-декабрда, ал эми сенат 15-декабрда баштайт. Өкүлдөр палатасы 9-январда иштеп баштаса, сенат 8-январда жумушка чыгат.
Байдендин кайрылуусундагы урунттуу учурлар:
акчаны майрамдарга чейин бөлүү керек, күтүүгө болбойт;
Байден жеке өзү Украинага далысын салбайт, америкалыктардын көбү да ушундай позицияда деген пикирде;
АКШ президенти республикачылардан америкалык чек арадагы маселелерден улам Украинаны көңүл сыртында калтырбоого чакырды;
АКШнын жардамысыз европалык өнөктөштөрдүн Киевди колдоосу күмөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ак үй: Россия Украинада жеңишке жетсе, АКШ армиясы түз тирешүүгө өтүшү толук мүмкүн