Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын жолдо бараткан аскер унаасына таамай тийген камикадзе дрон. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн жүрүп бараткан Iveco VM90 машинасына таамай тийген камикадзе дрондун видеосун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жарыялады.
Видео учуучу аппараттан жана украиналык жоокердин шлемине тагылган камерадан алынган.
Кадрлардан алгач машина ээн талаада жүрүп баратканын, ага дрон келип тийгенин көрүүгө болот. Автоунаа жараксыз абалга кептелип, ичиндеги жоокерлер сыртка чыгууга аргасыз болушкан.
Камикадзе-катердин куралдардын катарына кошулчу күнү алыс эмес. Видео