485 жеке клиниканы жаптык. Алымкадыр Бейшеналиев тактикасын өзгөрткөнүн айтты

Аткаминер мурдагыдан да чечкиндүү иштеп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмнеге мурдагыдай чуу салбай калганын айтты.
Парламентте депутат Эмил Токтошев ал мурда министр болуп турганда аябай радикалдуу иштерди жасаганын, азыр андай болбой калганын белгиледи.
"Ордуңузга башка адам келгендей болуп жатат же жогору жактан тынч иштеп бер деп айтыштыбы?", — деди эл өкүлү.
Бейшеналиев мурдагыдан да чечкиндүү иштеп жатканын, болгону тактиканы өзгөрткөнүн айтты.
"Депутат Аида Исатбек кызын алдыга салып алып 485 жеке клиниканы жаптык. Мурдагыдай өзүм жалгыз чыкпай, депутаттар, укук коргоо органдары менен чогуу иштеп, чоң жумуштарды жасап жатабыз. Ош шаарындагы ооруканалардын имаратынан да жеке клиникаларды чыгардык, учурда бошотуп жатышат", — деди министр.
Андан соң Токтошев жаш, сулуу депутат кыздарды эле кошуп албай, аны да чакырса жардамдашарын айтты.
Мындай сындан кийин министр ушул дем алышта Токтошев менен текшерүүгө чыгууну убадалады.
Министр: саламаттык сактоо тармагында болуп көрбөгөндөй реформа башталды