Акыйкатчы институтунун кызматкерлери укуктук консультация берип жатат

Иш-чара "Зомбулукка каршы 16 күн" эл аралык акциясынын алкагында ишке ашууда.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бишкекте Акыйкатчы институтунун кызматкерлери кыргызстандыктар үчүн укуктук консультацияларды өткөрүүдө. Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматы билдирди.
Акысыз укуктук консультация "Зомбулукка каршы 16 күн" эл аралык акциясынын алкагында ишке ашууда.
Бүгүн түшүндүрүү иштери "АЮ гранд" соода борборунда жүргүзүлүүдө, эртең ГУМда уланат.
Жарандар кызматкерлерге түрдүү суроолор менен кайрыла алышат. Анын ичинде баланы камкордукка алууну документтештирүү, жерди пайдалануу, алимент алуу сыяктуу маселелер бар.
Акыйкатчы Оштогу эскилиги жеткен №5 тергөө абагына барды. Сүрөт