Акылбек Жапаров бир күндүк жумушчу сапары менен Москвага барып келди

Ал "Россия Сбербанкы" ААК башкаруучулугунун төрагасы Герман Греф менен да кезигип, банк, каржы жана санариптик чөйрөлөрдө биргелешкен иштердин келечектүү багыттары тууралуу сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир күндүк жумушчу сапары менен Москвага барып келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жумушчу сапарынын алкагында ал "Россия" көргөзмө форумуна катышып, Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана анын орун басары Алексей Оверчук менен жолуккан.
"Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин жана соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууну камтыган бир катар иштерди талкуулашты", — деп айтылат кабарда.
Акылбек Жапаров "Россия Сбербанкы" ААК башкаруучулугунун төрагасы Герман Греф менен да кезигип, банк, каржы жана санариптик чөйрөлөрдө биргелешкен иштердин келечектүү багыттары тууралуу сүйлөшкөнү кошумчаланды.
Ысык-Көлдө РКӨФтүн колдоосу менен чакан ГЭС курулду. Видео