Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФтин БУУдагы өкүлү: АКШ менен союздаштары украиналыктар үчүн баш оорутпайт

Полянскийдин айтымында, мурдагы европалык метрополиялар ондогон жылдар бою коңшу өлкөлөрдү бири-бирине каршы тукуруп, бирдиктүү элдерди жасалма чек аралар менен бөлүп-жарып, жаңжал, согуш чыгарып келгенин африкалыктар менен азиялыктар жакшы билет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Дмитрий Полянский уюмдун Коопсуздук кеңешинин Украинадагы гуманитардык абал боюнча жыйынында кескин билдирүү жасады.
"Биздин Батыштагы кесиптештерибизге кандай гана жол менен болбосун Украина темасын унутта калтырбай кармап туруу маанилүү. Бул үчүн маал-маалы менен бизди ушул жерге чогултуп турушат. Негизи Израилдин аракеттеринен улам Газа тилкесинде жаралган апааттын фонунда бул нерсе бетпактыкка, уятсыздыкка жатат. БУУнун башкы катчысынын айтымында, эки айдын ичинде Газада болуп көрбөгөндөй балдардын өлүмү катталды. Ал Газа балдардын көрүстөнүнө айланганын белгиледи", — деди Полянский.
Дипломат АКШ жана анын союздаштары украиналыктар үчүн башын дагы оорутпай турганын белгиледи.
"Өткөн жылдын апрель айында британиялык премьер менен америкалык Пентагондун жетекчиси Киев режимин Россия менен тынчтык келишимин түзүүдөн айныткан. Бүгүн Киев Украина үчүн ошол кездегидей пайдалуу тынчтык келишими болбой турганын түшүнүп, бармагын тиштеп отурат", — деди Полянский.
Анын айтымында, мурдагы европалык метрополиялар ондогон жылдар бою коңшу өлкөлөрдү бири-бирине каршы тукуруп, бирдиктүү элдерди жасалма чек ара менен бөлүп-жарып, жаңжал, согуш чыгарып келгенин африкалыктар менен азиялыктар жакшы билет. Андан бери алар өзгөргөн деле жок. РФке каршы күрөшүүдөгү геосаясатында Африка менен Украинаны көп жылдардан бери кол жоолук болууга даярдап келишкен.
"Украинанын согушуп отуруп аскери калбай деле калды. Зеленскийдин режими адамдарды аёосуз "эт туурагычка" салып жатат. Украиналык коомчулукта мобилизация эчак эле "могилизация" деп аталып калган. Эч кимдин маанисиз өлүмгө баргысы келбейт. Ошондуктан мобилизациялангандардын орточо курагы 50 жашка чукулдап калды", — деди Полянский.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ак үй: Россия Украинада жеңишке жетсе, АКШ армиясы түз тирешүүгө өтүшү толук мүмкүн