8-декабрга карата аба ырайы

8-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жумада күндүн экинчи жарымында көпчүлүк аймактарда жамгыр, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Нарын регионунда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарында 0...+5 градус болот.
Бул күнү Бишкекте кечке жакын жамгыр, кар жаайт. Мезгил-мезгили менен туман түшөт. Күндүн табы борбор калаада +3...+5, Ошто +9...+11 градуска жетет.
Дыйкандар зыян тартууда. Депутат пахта арзандап, көйгөй жаратканын айтты