Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Батыш саясатчылары коомчулукту Украинанын жеңилерине даярдап жатышат

РФ президенти Владимир Путин Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу максатына жетпей калганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Батыштын саясатчылары менен ЖМКлары коомчулукту Украинанын жеңилерине даярдап жатышат. Бул тууралуу InfoBRICS басылмасына чыккан макаласында баяндамачы Лукас Лейрос жазган.
"Алар бул согушта жеңишке жетишүү мүмкүн эмес экенин, тынымсыз колдоонун зарылдыгы жок экенин түшүндүрүүгө милдеттендирилген. Башкача айтканда, батыш саясатчылары менен ЖМКлары Киев акыры жеңилет деген коомдук пикирди калыптандырып, жаңы жаралган "өзгөчө кырдаал" катары бардык көңүлдү Израилге бурмакчы", — деп жазган Лейрос.
Журналисттин айтымында, НАТО баш катчысы Йенс Столтенбергдин Украинадан келчү жагымсыз кабарга даяр туруу тууралуу билдирүүсү Батыштын жакын арада болчу кыйроону моюндашы катары кабылдоого болот. Лейрос союздаштардын жардамына карабастан Киев Россиянын күчү жана армиясына туруштук бере албаганын белгилеген.
"Жеңилгенин моюндоо Батыш үчүн моралдык сокку болуп эсептелет", — деп сөзүн жыйынтыктаган баяндамачы.
Москва буга чейин НАТОнун аскердик колдоосу Украина үчүн жакшы нерсе эмес экенин, чыр-чатакты создуктура турган аракет болорун бир нече ирет эскертип, курал-жарак жүктөлгөн транспорттун бардык түрү россиялык армиянын мыйзамдуу бутасына айланарын айткан.
Ал эми РФ президенти Владимир Путин Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу максатына жетпей калганын билдирген. Бул арада Россия атайын операциясын улантып, коюлган милдеттерди аткара бермекчи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Столтенберг Украина боюнча татаал жагдайды моюндады