Ташиев: базар ээлери соодагерлердин ижара акысын 2 эсе арзандатышы керек

Ал чагымчылдарды социалдык-экономикалык маселелерди саясий өңүткө бурбоого чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Базарлардын кожоюндары ири киреше тапкан өлкөнүн эң бай адамдары. Алар соодагерлердин ижара акысын эки эсе арзандатышы керек. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирген.
"Базарлардын кожоюндары ири киреше тапкан өлкөнүн эң бай адамдары. Бирок соодагерлер ири сумма төлөгөнүнө карабастан, базарлардын басымдуу бөлүгүндө жөнөкөй эле шарттар түзүлгөн эмес. Чакан ишкерлер ККМ менен акысыз камсыздалышы керек. Элди ар кандай чагымчылыкка алдырбоого үндөйм. Ал эми чагымчылдарды социалдык-экономикалык маселелерди саясий өңүткө бурбоого чакырам", — деген ал.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда ири митингдер өткөн. Нааразычылык акциясына базарлардын соодагерлери чыгышкан. Алар ККМ-аппаратын колдонууга каршы экенин айтып, патент системасын калтырууну талап кылып келишет. Мындай массалык митингдерден улам президент Садыр Жапаров жылдык соода айлантуусу 8 миллиондон ашпаган сатуучулар бир тыйын да төлөбөй турганын эскерткен. Кийин мамлекет башчы "Дордой" базарына барып соодагерлер менен жолуккан. Анын жыйынтыгында патенттик система 2024-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылган.
Садыр Жапаров: базарда патент менен иштөө 1-июлга чейин жылат