Пресс-борбор

Окурмандар кандай жаңылыктарга көңүл бурат? Sputnik шеф-редакторунун жообу

Мастер-класска КРСУ менен КУУнун журналистика факультеттеринин студенттери жана мамлекеттик органдардын маалымат катчылары катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Окурмандарга көбүнчө өздөрүн коопсуз сездирген жаңылыктар жагат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору Эркин Алымбеков агенттиктин маалымат борборунда өткөн SputnikPro мастер-классынын жүрүшүндө билдирди.
“Адам дүйнөдө баарынан да өлүмдөн коркот. Ошондуктан окурмандар өзүн коопсуз сезе турган жаңылыктарга тартыла берет. Кырсыктар боюнча маалыматтар абдан көп окулат. Мисалы, массалык мушташтан каза болгондор, адам өлүмү менен коштолгон жер титирөөлөр, жол кырсыктар сыяктуу жаңылыктарга көңүл буруу жогору”, — деди Алымбеков.
Ал кооптуулукту өзүңдөн алыстатуу жөнүндөгү темалар (ден соолук, финансы) дагы дайыма актуалдуу экенин кошумчалады.
Мастер-класска КРСУ менен КУУнун журналистика факультеттеринин студенттери жана мамлекеттик органдардын маалымат катчылары катышты. Алар өздөрү кызыккан суроолорду узатып, шеф-редактор Эркин Алымбеков менен биргеликте темалардын мисалын карап чыгышты.
Пресс-борбор
Бишкекте жаңылык жазуу боюнча мастер-класс өттү. Видео