Садыр Жапаров ККМ аппаратынын базарларга киргизилип жаткан себебин айтты

Президент бийликтин максаты патентти жок кылуу эмес экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. ККМ аппараттарын киргизүү аркылуу дүңүнөн соода кылгандардын товар жүгүртүүсүн, жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз. Бул тууралуу Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

"Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн ККМди базарга киргизип жатабыз. Кытайдан бизге өткөн товардын көлөмү 14 миллиард долларды түзөт. Биздин статистикалык маалыматтарга келгенде 4 миллиард доллар болуп калып жатпайбы. Демек, көмүскө экономикага кирип кетип жатат. Дүңүнөн сатып жиберип, салык төлөбөй чыгып кетишүүдө. ККМ киргизүү жолу менен гана республикада канча товар айланып жатканын көрө алабыз. Биздин максат — патентти жок кылуу эмес. Патенттен болгону 35 миллион сом түшөт. Патентти он эсе көтөрсөң да биздин бюджет үчүн деңиздин бир тамчысындай эле. Биз ККМ аркылуу дүңүнөн соода кылгандардын товар жүгүртүүсүн, жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз", — деген Жапаров.

Президент өнүккөн өлкөлөр, жакынкы мамлекеттер да ККМге өткөнүн айтып, толук салык алганда гана пенсия, жөлөк пул, эмгек акы мындан да эки-үч эсеге көтөрүлөрүн белгилеген. Ал бул маселеге өзү киришкенин кошумчалады.
Ташиев: базар ээлери соодагерлердин ижара акысын 2 эсе арзандатышы керек