Ысык-Көлдө россиялык инвесторлор "Каркыра" эс алуу жайын курушат. Сүрөт

Долбоордун бюджети 191 миллион долларды түзүп, алты этап менен курууга эсептелинген
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Каркыра" тоо-эс алуу комплексинин курулушун баштап берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 6

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Каркыра" тоо-эс алуу комплексинин курулушун баштап берди

2 / 6

Долбоор россиялык инвесторлордун колдоосу менен ишке ашырылып жатканы айтылды

3 / 6

Анын инвестициялык бюджети 191 миллион долларды түзүп, алты этап менен курууга эсептелинген

4 / 6

Жапаров долбоор россиялык инвесторлордун колдоосу менен ишке ашырылып жатканын айтып, эки өлкө ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштардын чыңдалышына да чоң өбөлгө болорун белгиледи

5 / 6

Президенттин айтымында, "Каркыра" тоо-эс алуу комплекси өлкөнүн мыйзамдары менен жаратылыш коргоо жаатындагы ченемдерине, эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык долбоорлонуп, салынмакчы

6 / 6

Комплексти курууда инновациялык экологиялык курулуш материалдары колдонулат

Долбоор россиялык инвесторлордун колдоосу менен ишке ашырылып жатканы айтылды. Анын инвестициялык бюджети 191 миллион долларды түзүп, алты этап менен курууга эсептелинген.
"Чыгышынан Каркыра, батышынан Түп суусу орой агып, Тескей Ала-Тоо кырка тоосундагы Чымынды-Сай аймагына салына турган бул комплекске автоунаа менен жетүүгө да абдан ыңгайлуу шарт түзүлөт. Мындай комплекс куруу ниетибизди ишке ашыруу менен жаратылыш ресурстарыбызды элибиздин жана мамлекетибиздин кызыкчылыгына туура пайдаланууга багыт алабыз деп ишенем", — деди президент.
Жапаров долбоор россиялык инвесторлордун колдоосу менен ишке ашырылып жатканын айтып, эки өлкө ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштардын чыңдалышына да чоң өбөлгө болорун белгиледи.
Президенттин айтымында, "Каркыра" тоо-эс алуу комплекси өлкөнүн мыйзамдары менен жаратылыш коргоо жаатындагы ченемдерине, эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык долбоорлонуп, салынмакчы. Комплексти курууда инновациялык экологиялык курулуш материалдары колдонулат.
Ысык-Көлдө РКӨФтүн колдоосу менен чакан ГЭС курулду. Видео