Садыр Жапаров 55 жашта. Путин президентти туулган күнү менен куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, мамлекет башчы бүгүн, 6-декабрда, 55 жашка чыгып жатат.
"55 жашыңыз менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз. Сиз мамлекет башчысы катары ишмердүүлүгүңүз менен мекендештериңиздин жогорку урматына жана эл аралык аренада олуттуу кадыр-баркка ээ болдуңуз. Биздин өлкөлөр ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагында конструктивдүү кызматташууну өнүктүрүүгө жеке салымыңыз жогору бааланат. Сиз Россия жетекчилигинин эки тараптуу мамилелердин бардык багыттарында активдүү биргелешкен ишти улантууга даяр экендигине таянсаңыз болот. Сизге чын дилимден чың ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайм", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Новиков: РКӨФ Кыргызстан менен Россия аймактарын байланыштырчу звено боло алат