Кыргызстанга келген туристтердин 50 пайызы мусулмандар экенин Алмаз Үсөн уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туризмди экономиканын бир бөлүгү катары караш керек.
"Өлкөдө туризм тармагында жакшы жетишкендиктер бар. Акырындан өнүгүү жолунда десек болот. Былтыр 6 миллиондон ашык турист келгени айтылса, быйыл жыл аягына чейин бул сан 10 миллионго жетет деген божомол бар. Биздин мекенге саякаттаган туристтердин 50 пайызы мусулмандар. Өлкөдө курулуп жаткан Rest Point жайлары алар үчүн да өтө ыңгайлуу. Намаз окууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, гигиеналык шарттар жакшырды. Биз туризмди экономиканын бир бөлүгү катары карашыбыз керек. Араб мамлекеттерине болгон аба каттамдардын ачылышы биздин экономиканын көп тармагына импульс берет", — деди Үсөн уулу.
Ал келген туристтер өлкөсүнө барганда Кыргызстан тууралуу тааныштарына айтып, жыйынтыгында алар да турист катары келип жатканын кошумчалады.