Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо министрлери Гулистанда жолугушту

Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. – Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо министрлери жолугушту. Бул тууралуу КР Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 6-декабрда, коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов жетектеген делегация Тажикстандын Гулистан шаарына жумушчу сапары менен барды.
Бекболотов кесиптеши Шерали Мирзо менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы аскердик кызматташууну талкуулады.
Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 24 чакырымы такталды