Кыргызстан эки жылдан бери ЕАЭБде чекене соода боюнча биринчиликти бере элек

Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстан соңку жылдары ЕАЭБде чекене соода боюнча башка мамлекеттерди артка калтырып, лидерликке чыккан. Мындай жыйынтыкты ЕАЭБдин 2018-2022-жылдар аралыгындагы статистикалык маалыматтарынан улам чыгарса болот.
Кыргызстанда чекене сооданын көлөмү боюнча маалымат:
2018 — 6,9 пайыз (Беларустан (8,3 пайыз) кийинки орунда). Бул ЕАЭБдин орточо көрсөткүчүнөн (3,2 пайыз) жогору турат;
2019 — 4,6 пайыз (үчүнчү орун. Бул жылдары Армения (7,9 пайыз) жана Казакстан 5,9 пайыз менен 1,2-орунда болчу). ЕАЭБдин орточо көрсөткүчү 2,3 пайыз;
2020 — бул жыл пандемияга туура келгендиктен, бардыгында соода жакшы болгон эмес;
2021 — 16,2 пайыз (биринчи орун). ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч — 7,6 пайыз;
2022 — 12,3 пайыз (биринчи орун).
Кыргызстанда жыл сайын 100 миң чарчы метрге көбүрөөк турак жай элге берилүүдө