БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бүтүндөй республика боюнча ири соода комплекстеринин ээлери — өлкөнүн эң бай адамдары. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Тизмеге өлкөдөгү базарлардын ээлери Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева жана Чыңгыз Алканов кирди.
"Бул иштен чоң киреше алыша турганы бизге белгилүү. Алар 30 жылдан бери ушул базарларды кармап келе жатышат. Эбегейсиз байлык топтошту. Мына бүгүнкү күндө дагы топтоп жатышат. Ошол эле кезде булар мамлекетке болгон мамилесин өзгөрткөн жок. Мамлекетке, коомго, сатуучуларга болгон мамилесин өзгөртпөстөн дагы деле байлыктын артынан түшүп келе жатат. Кечээки митингдер да ошол себептен болуп жатат", — деди Ташиев.
Ташиев буга чейин базар ээлери соодагерлердин ижара акысын эки эсе арзандатышы керектигин айткан.