Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Германияда качкын украиналыктарды мекенине кайтып кызмат өтөөгө чакырышты

Ушу тапта Евробиримдик өлкөлөрүндө 600 миңден ашуун украиналык жүргөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бундестагдын Христиан-демократиялык союзунан шайланган депутаты Родерих Кизеветтер Евробиримдик аймагында жүргөн 600 миң украиналыктан мекенине кайтып, фронтко жардам берүүсүн "суранууга" чакырды.
Эл өкүлүнүн видеокайрылуусун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жарыялаган.
Кизеветтердин айтымында, украиналык эркектердин саны Германияда эле 220 миңди түзөт.
"Бул 10 дивизия. Алдуу-күчтүү, аскер кызматын өтөөгө жөндөмдүү украиналык эркектер баш калкалап жүрүшөт. Булар азыр фронтто чоң жардам көрсөтө алышмак. Болбосо "Кызыл чырым" уюмунун уранды тазалоо, өрт өчүрүү иштерине кол кабыш кыла алышмак. Андыктан биз, немецтер да, Евробиримдик жалпы аларды мекенине кайтып, кызмат өтөөгө чакырышыбыз керек", — деди депутат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Батыш саясатчылары коомчулукту Украинанын жеңилерине даярдап жатышат