Пресс-борбор

Байсалов: климаттын өзгөрүшү менен жашоо мурдагыдай болбойт

Бийликтин ишиндеги багыттардын бири — бул экологиялык туруктуулукту камсыздоо жана глобалдуу климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепетин жеңилдетүү.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Климаттын өзгөрүшү менен жашоо мурдагыдай болбойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда маалымат жыйын өткөргөн.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
Бийликтин ишиндеги багыттардын бири — бул экологиялык туруктуулукту камсыздоо жана глобалдуу климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепетин жеңилдетүү.
"Быйыл биздин мамлекет жана регион суу тартыштыгына туш болду. Бүгүн көчөдө аба ырайы сентябрдагыдай. Климаттын өзгөрүп жатканы чындык. Ал жашоо образына өз кесепетин тийгизет. Мурдагыдай жашоо болбойт. Өкмөттүн милдетине күнүмдүк иштер менен алектенүү гана кирбейт. Биз элди жана мамлекетти жаңы жашоого даярдашыбыз керек", — деди Байсалов.
Анын айтымында, ресурстарды популизм менен кол чабууларга сарптабай, келечек үчүн иш жүргүзүү керек. Президент экономиканы трансформациялоо жана адаптациялоо боюнча тапшырмаларды берген. Садыр Жапаров буга чейин жаштарга кайрылганын жана алардын технология менен жасалма интеллектини жакшылап өздөштүрүшүн каалай турганын белгиледи.
"Тилекке каршы, мунун баары климаттын кескин өзгөрүүлөрү менен коштолот. Жаштардын жашоосу улуу муундукундай болбойт. Былтыр толуп турган дарыялар быйыл соолуйт. Бул бизди апокалипсис күтүп турат дегенди билдирбейт, бирок сууну үнөмдөө зарыл", — деди Байсалов.
Ал мурда сугаруу үчүн арык казып коюу жетиштүү болсо, эми заманбап технологияларды колдонуп тамчылатып сугарууга өтүү зарылдыгын кошумчалады.
Пресс-борбор
Байсалов: Бишкектин аймагы үч эсе кеңеет