Жогорку Кеңеш ЕАЭБдеги кампа күбөлүктөрү боюнча макулдашууну жактырды

Өлкө боюнча 391 кампа бар, анын ичинен жетөө Айыл чарба министрлигинен каттоодон өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Парламент ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кампа күбөлүктөрүн өз ара таануу боюнча макулдашууну биринчи окууда ратификациялады.
Ал кампада товар бар экенин тастыктап, айыл чарба продукциясынын ээсине берилүүчү баалуу кагаз.
Айыл чарба министринин орун басары Айнура Туйбаева бул келишимге быйыл 31-июлда Москвада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда кол коюлганын билдирди.
"Өлкө боюнча 391 кампа бар, анын ичинен жетөө биздин каттоодон өткөн. Ал жайда продукциясын сактаса кампа күбөлүктөр берилет. Ошонун негизинде сатуу иштерин жүргүзсө, күрөөгө коюп насыя алса да болот. Ал күрөөлүк камсыздоону тастыктоочу документ катары кызмат кылат", — деди Туйбаева.
Депутат Дастан Жумабеков бул элге керектүү макулдашуу экенин белгиледи. Анын айтымында, мисалы, төө буурчак, кумшекерди кампага сактап коюп, анын күбөлүгү менен насыя алып башка чарбалык иштерине колдонсо болот. Кийин баа көтөрүлгөндө товарын сатып, жакшыраак пайда табышына шарт түзүлөт.
Кыргызстанда ИДП жыл сайын 1-2 млрд. долларга өсүүдө. ЕАЭБ жыйынтыгы