Бишкекте тез татым жайынан адамдар массалык түрдө ууланды

Лабораториялык изилдөөлөр "Тамак-аш токсикоинфекциясы" деген диагноз чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкекте Wok Lagman тез тамактануучу жайынан массалык түрдө уулануу катталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, 4-декабрда түнкү саат экиде адамдарда уулануунун алгачкы симптомдору байкалган. Жалпы беш киши жабыркап, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Лабораториялык изилдөөлөр "Тамак-аш токсикоинфекциясы" деген диагноз чыгарган.
Тез татым жайына пландан тышкары текшерүү жүргүзүлүп, санитардык эрежелер бузулганы аныкталган. "Эрежелерди бузуу жөнүндөгү" кодекске ылайык, аларга салынган айыптын суммасы 23 миң сомду түздү. Учурда лабораториялык изилдөөлөр уланууда.
Ооруларды алдын алуу департаменти коомдук тамактануучу жайларды тандоодо этият болууга жана жеке гигиена эрежелерин сактоого чакырат.
Иске ууланбоо үчүн кандай эрежелерди сактоо керек? ӨКМдин эскертүүсү