Пресс-борбор

Байсалов: Бишкектин аймагы үч эсе кеңеет

Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкектин аймагы үч эсе кеңеет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
Анын айтымында, жакынкы айларда чоң чечимдер кабыл алынат.
"Жакынкы апталарда, айларда чоң чечимдер кабыл алынганын көрөсүздөр. Административдик-аймактык реформанын потенциалы бар. Бишкек шаарынын аймагы үч эсеге кеңеет", — деди Байсалов.
Ал бул нерсе өтө чоң өзгөрүүлөрдү алып келерин кошумчалады.
Пресс-борбор
Байсалов: Садыр Жапаров туулган күнүндө белек берүүгө тыюу салган