Матраимов менен байланышы болгон деп 58 бажы кызматкери иштен алынды

Учурда ички иликтөө жүрүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынан 58 адам иштен алынганын аталган мекеменин төрагасы Самат Исабеков билдирди.
Анын айтымында, булар ведомстволук ички буйрукту бузуп, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов менен байланышта болушкан.
"Учурда ички иликтөө жүрүп жатат. Жыйынтыгы жакында белгилүү болот. Жумуштан четтетилгендердин арасында жооптуу кызматты ээлегендер да бар", — деген ал.
Эске салсак, октябрда да Көлбаев, Матраимов менен иштешкен делип Бажы кызматынан 50дөй адам жумуштан алынган.
ИИМ уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө жаңы ыкмаларды сунуштады