Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Захарова: Батыш Россияга кантип зыян келтирүүнү билет, бирок кантип жеңүүнү билбейт

Захарованын айтымында, Киев режиминин ар бир кадамынын артында НАТО, Вашингтон жана Лондон турат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. НАТОнун Россия менен түз каршылашууга жол бербөө боюнча билдирүүлөрү шайлоочулар алдында альянска мүчө мамлекеттердеги режимди актоо үчүн жасалууда. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин Sputnik радиосу жазды.
"Баш катчысы баш болгон наточулардын Россия менен түз каршылашууга жол бербөө боюнча айткандарынын баары эки жүздүүлүк. Жөн гана оюн. Көз жазгыруу үчүн жасалган аракет. Менимче, НАТОго кирген мамлекеттерди шайлоочулары алдында актоо, биздин эч тиешебиз жок, болгону Киев режимине жардам бердик деп четке чыга беришмекчи", — деди Захарова.
Анын айтымында, чынында Киев режиминин ар бир кадамынын артында НАТО, Вашингтон жана Лондон турат, "булардын түпкү максаты — Россияны стратегиялык жеңилүүгө кептөө".
"Бул пландар ишке ашпайт. Буга чейин да мындай болгон эмес, болбойт дагы. Зыян келтирүүнү Батыш жакшы билет, бирок бизди кантип жеңерин билбейт", — деди Захарова.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Германияда качкын украиналыктарды мекенине кайтып кызмат өтөөгө чакырышты