Пресс-борбор

Мэрияга мектептерде акча чогултууну токтотуу тапшырмасы берилгени эскертилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кайсы бир меценат же ишкер мектепке жардам берүүнү кааласа, мектептин ал каражатты ала турган ачык-айкын механизми болушу керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясына бардык мектептердин камкорчулук кеңештеринин ишин токтотуу тапшырмасы берилген. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
Ал өкмөттө бул маселе боюнча жыйын өткөнүн белгиледи.
"Мектепте акча чогултууларды директорлор токтотушу керек. Башында бизде бир аз көйгөй болушу ыктымал. Бирок 1-январдан тарта бор, тазалоочу каражаттар толугу менен мамлекеттик жана шаардык бюджеттен алынат", — деген Байсалов.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кайсы бир меценат же ишкер мектепке жардам берүүнү кааласа, мектептин ал каражатты ала турган ачык-айкын механизми болушу керектигин белгилеген.
"Акча чогултуулар токтошу керек. Мектеп администрациясы акча талап кылса, ата-энелер көңүл бурбай койсо болот", — деген Байсалов.
Буга чейин министрлер кабинети президент Садыр Жапаровдун мектептерде акча чогултууга жана коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган жарлыгын аткаруу максатында токтом кабыл алган.
Мектепте акча чогултууга 28 миң сомго чейин айып салуу мыйзамы сунушталды