БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө авариялык абалда турган 40 мектептин ордуна жаңысын куруу үчүн Дүйнөлүк банктан 73 миллион 648 миң доллар кредит алат.
Долбоор "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" деп аталат. Бул боюнча алгачкы макулдашуу 2018-жылы түзүлүп, 43,6 миллион доллар бөлүү каралган. Парламент бүгүн ага кошумча каражат бөлүү долбоорун экинчи окууда ратификациялады.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов пландаштырылган бюджет курулуштун учурдагы базар наркына дал келбей калганын билдирди.
"Негизи биз 40 мектепти тизмеге киргизип, долбоорун даярдаганбыз. Бирок бөлүнгөн сумма 24 гана мектепти курууга жете тургандай болуп калды. Себеби пандемия, Украинадагы жаңжалга чейин курулуштун бир чарчы метри 550 долларга бааланса, азыр 850гө көтөрүлдү. Мындан улам калган 16 объектиге жетишпей турган 30 миллион доллар өлчөмүндөгү кошумча каражат бөлүү үчүн Дүйнөлүк банкка кайрылганбыз. Алар макулдук беришти", — деди Мамбетов.
Депутат Дастан Жумабеков курулуш иштери менен Мамлекеттик курулуш агенттиги эмес ӨКМ алектенерине таң калды. Мамбетов имараттар авариялык абалда болуп, курулуш табигый кырсыктын кесепеттерин алдын алууга багытталган долбоордун алкагында жүрө тургандыктан мектептерди ӨКМ курарын айтты. Мамлекеттик курулуш агенттиги стандарттарын карап, Билим берүү министрлиги тизмени бекитип берген.