7-декабрга карата аба ырайы

7-декабрда күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бейшембиде түнкүсүн өлкөнүн тоо кыркаларында жана тоолуу райондорунда кар жаашы болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +1…+6, Талас чөлкөмүндө +3…+8, Ысык-Көлдө +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +10…+15, Нарын облусунда +5…+10 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +4…+6, Ош шаарында +13…+15 градус болот.
Пресс-борбор
Байсалов: климаттын өзгөрүшү менен жашоо мурдагыдай болбойт