БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдө эки тоок фабрикасын куруу иштери башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Эки долбоорго Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) 9,3 миллион доллар бөлгөн.
"Фабриканын өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу жана кеңейтүү максатында Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен "Агро Куш" ЖЧКнын ортосунда 1,3 миллион долларды түзгөн келишимге кол коюлду. Бул долбоор ишке ашса, жылына 20 миң тонна тоок эти өндүрүлүп, кошумча 110 жумуш оруну түзүлөт. Жаңы фабриканы курууга мамлекет тарабынан 38 гектар жер 49 жылга берилди", — деп айтылат маалыматта.
РКӨФ "Евразия канаттуулар фабрикасы" менен дагы келишим түзүп, 8 миллион доллар бөлүп бермей болду. Мамлекеттик колдоо катары 49 жылга 64 гектар жер берилди.