ИИМ уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө жаңы ыкмаларды сунуштады

Министрлик алдын алуу чаралары (эскертүү, каттоо, мүлктү текшерүү) толук натыйжа бербей жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен күрөшүүдө жаңы ыкмаларды сунуштады.
Министрлик Кыргызстанда "уурулук көз караштары", криминалдык иерархиясы жана статусу менен уюшкан кылмыштуу топтордун 400дөн ашык активдүү мүчөсү катталганын билдирди.
ИИМ алдын алуу чаралары (эскертүү, каттоо, мүлктү текшерүү) толук натыйжа бербей жатканын айтып, жаңы ыкмаларды сунуштаган. Алар:
кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо, уюшкан топту түзүү же ага катышуу, уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо беренелеринде каралган кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн алып салуу;
уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгына кылмыш жасалган учурда жазаны катаалдаштыруу. Алардын чогулуштарына катышкан жаран да 12 жылга чейин камалып кетиши мүмкүн;
кылмыштуу кирешелерди адалдоодон түшкөн же алынган бардык пайданы мамлекеттин менчигине өткөрүү;
Кылмыш-жаза кодексине "Криминалдык иерархиядагы абалды ээлөө" беренесин кошуу. Бул криминалдык статусу бар адамдарды табууга жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүнчүлүк берет;
"Криминалдык идеологияны пропагандалоо" нормасын киргизүү. Бул криминалдык идеологиянын көз караштарын, ойлорун, символикаларын жайылтууну алдын алат.
Кыргызстанда жасалма акча саткан деп кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды