Кыргызстанга жардам иретинде Россиядан 800 тонна азык-түлүк келди

Россия БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы эң ири донору болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстанга Россиядан жардам иретинде 803 тонна азык-түлүк келгенин БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан кабарлады.
742 тонна байытылган ун жана 60 тонна өсүмдүк майы Ош шаарына жеткирилип, болжол менен 18 300 кишиге аталган программанын долбоорлору аркылуу берилмекчи.
"Долбоорлор ирригациялык тармактарды жана таза суу тутумдарын калыбына келтирүү, табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу үчүн бак отургузуу жана дарыянын жээгин бекемдөө, көпүрөлөрдү жана дренаждык тутумдарды куруу, жашоо каражаттарын жана айыл чарбасын жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмаларын өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо боюнча окутууларды камтыйт", — деп айтылат маалыматта.
Россия БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы эң ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылда РФ өкмөтү аталган программа аркылуу өлкөгө өнүгүү жана социалдык коргоо жаатында ар кандай деңгээлде колдоо көрсөтүп келет.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.
Россия бир нече өлкөлөрдөгү окуучулардын тамактануусуна 100 млн. доллар бөлдү