1941-жылдын 5-декабрында Москванын алдында советтик аскерлердин контрчабуулу башталып, ага Калинин, Батыш жана Түштүк-батыш фронттору тартылган. Мында авиациянын мааниси чоң эле.
Кандуу кагылышууга Кызыл армиянын 11 миллион жоокери катышып, 700 танк, 1000 учак тартылганы айтылып келет. Соккулар немецтик "Центр" армия тайпасына урулган, ушул декабрда эле душман 100 миңден ашуун жоокеринен ажыраган.
Тез арада жеңишке жеткирчү "Барбаросса" планы биротоло унутулуп, дал ушул Москванын алдындагы кармашта немец армиясынын жеңилбестиги тууралуу уламыш жокко чыккан.
Бул Кызыл армиянын Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүндө жасаган чоң стратегиялык бурулушу эле.
Тема боюнча: