БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстандык Элгиз Бейшенбаев "Романсиада" аттуу орус романсынын жаш аткаруучуларынын XXVII эл аралык сынагында экинчи байгени жеңип алды.
Финал кечээ Москвада өттү. Бейшенбаев Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти. Ал сентябрда “Русский дом” уюштурган Орто Азиянын VII "Романсиадасында" жеңүүчү болгон.
Россиянын Королев шаарынан келген Валерия Горбунова Романсиаданын финалында Гран-приге татыктуу болду.
Байге алгандар:
Биринчи орун — Фу Цзинь Хао (Гуанчжоу, Кытай);
Экинчи орун — Артем Лейша (Лесосибирск, Россия), Салтанат Мурат кызы (Алматы, Казакстан) жана Элгиз Бейшенбаев (Бишкек, Кыргызстан).
Үчүнчү орун — Ирина Полищук (Владивосток, Россия), Фердинанд Мурадян (Гюмри, Армения) жана Зиёдбек Абдимавлонов (Ташкент, Өзбекстан).
Элгиз биринчи турда Сергей Рахманиновдун "Как мне больно" романсын, экинчи турда Евгений Мартыновдун музыкасына жазылган "Белокрылый полет" чыгармасын, үчүнчү турда Борис Фоминдин "Пой, цыган" романстарын аткарган.