Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 24 чакырымы такталды

Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын дагы 24,01 чакырымы боюнча макулдашууга жетишкенин министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Жумушчу топтордун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйыны 29-ноябрдан 5-декабрга чейин коңшу өлкөнүн Бустон шаарында өткөн.
Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда чек аранын калган аймактарын тактоо боюнча ишти улантары айтылып, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлганы кошумчаланды.
Буга чейин эки тарап чек ара боюнча олуттуу чечим кабыл алганы кабарланган.
Ташиев: кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чече турган протоколго кол коюлду