Бишкекте 6 өлкөнүн артисттери Айтматовдун чыгармалары боюнча спектакль коюшат

Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата 7-12-декабрь күндөрү Бишкекте "Айтматов жана театр" VI эл аралык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Россия, Азербайжан өлкөлөрүнүн театрлары залкар жазуучунун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдер менен катышат. Расмий ачылышы 7-декабрда Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болуп, 12-декабрь күнү "Саманчынын жолу" спектакли менен жыйынтыкталат.
7-декабрдагы программа:
Саат 10:00-12:00 — "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюу;
15:00-15:30 — Фестивалдын расмий ачылышы;
15:30-17:30 — "Кылым карытар бир күн" спектакли (Кыргызстан);
18:30-19:40 — "Жер эне" (Өзбекстан);
8-декабрь:
11:00-12:30 — "Би-Толгонай..." (Россия);
14:00-14:50 — "Атадан калган туяк" (Кыргызстан);
15:30-16:40 — "Жамийла" (Кыргызстан);
17:30-19:20 — "Кассандра тамгасы" (Казакстан).
Спектаклдер Бишкектеги бир нече театрларда өтөт.
Кыргызстан менен Өзбекстан "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" боюнча тасма тартат