Радио

Чортонбаев: тамчылатып сугарган жабдык өндүрүүнү колго алышыбыз керек

Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз ирригация илим изилдөө институтунун директору Улан Чортонбаев тамчылатып сугаруу технологиясы сугат сууларын бир топ үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.
Sputnik
1970-жылдары Кыргыз ирригация илим изилдөө институтунун алкагында окумуштуулар тамчылатып сугаруу долбоорлору боюнча иштешкен. Кандайдыр бир себептерден улам тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонулбай, суунун кенендигинен каптатып сугаруу пайдаланылган. Бул тууралуу Улан Чортонбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тамчылатып сугаруучу жабдыктарды алууга 50 миӊ сомдон 1000 долларга чейин каражат сарпталат.
"Кыргызстанда акыркы эки жарым жылда климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суу тартыштыгы маселеси чыкты. Негизи эле суу ресурсу сарамжалдуу пайдаланылбай жатат. Ирригациялык курулмалар совет мезгилинен бери колдонулуп, калыбына келтирилбей келет. Ошентсе да Айыл чарба министрлиги бул жаатта бир топ иштерди жасап жатат. Суу сактагычтарды, күнүмдүк жана он күндүк бассейндерди колунан келишинче иретке келтирип, реконструкциялоодо. Бул жайда да суу тартыш болду. Андыктан сууну сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануунун ыкмаларын издешибиз керек. Учурда тамчылатып сугаруу технологиясы бул маселени чечүүгө жардам берген эӊ оптималдуу ыкма болууда. Бирок бул жабдыктарды сатып алуу кымбатыраак болуп жатат", — деди Чортонбаев.
Ал өлкө тамчылатып сугаруучу жабдыктарды өндүрүүнү колго алса, технологиянын кеӊири колдонулушуна мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.