Газада медицина объектилерине кол салуудан 566 адам өлдү. ДССУ коңгуроо кагууда

Учурда Газадагы 36 оорукананын 18и иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Палестин-израиль чатагы башталган 7-октябрдан бери Газа секторунда 200дөн ашуун медициналык объект чабуулга туш болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму брифинг өткөрүп, "буга чейин мындай дегеле болбогонун жана бул акылга сыйгыс көрүнүш" экенин билдирди. Маалыматты РИА Новости жазды.
"7-октябрдан бери Газада медицина объектилерине 203 ирет кол салуу болгон. Бутага ооруканалар, клиникалар, тез жардам унаалары жана медиктер алынууда. Бул акылга сыйгыс көрүнүш", — деди ДССУнун Жер ортолук деңиздин чыгыш жээги боюнча директору Ахмед Аль-Мандхари.
Ал эми уюмдун Газадагы бөлүмүнүн өкүлү Шеннон Баркли аймактагы 36 оорукананын 18и гана иштеп жатканына карабастан Израиль менен калган жайлардын коопсуздук кепилдиги тууралуу эч кандай сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн билдирди.
Өткөн аптада ДССУ Жакынкы Чыгышта абал курчугандан бери Палестинадагы медициналык объектилерге 427 ирет кол салуудан улам 566 адам өлтүрүлүп, 758 киши ар кандай жаракат алганын кабарлаган.
ЮНИСЕФ Газада 48 күндө 5300дөн ашык бала каза болгонун айтты