Кыргызстанда ИДП жыл сайын 1-2 млрд. долларга өсүүдө. ЕАЭБ жыйынтыгы

Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. 2018-жылдан 2022-жылга чейин Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 8,3 миллиарддан 11,5 миллиардга чейин көбөйдү. Бул тууралуу ЕАЭБдин беш жылдык статистикалык жыйнагында айтылат.
Кыргызстандын ИДПсынын соңку беш жылдагы маалыматы:
2018 — 8,3 миллиард доллар;
2019 — 9,4 миллиард;
2020 — 8,3 миллиард;
2021 — 9,3 миллиард;
2022 — 11,5 миллиард.
Мындайча айтканда, ИДПнын көлөмү пандемия жылдары эле төмөндөгөн (төмөндөө бардык мамлекетте болгон). Калган учурда экономика жылына 1-2,2 миллиард долларга чейин өсүп турган.
Кыргызстан ЕАЭБде маянанын өсүү темпи жогору турган өлкөлөрдүн бири болду