Чолпон-Атага көп кабаттуу үйлөрдү курууга 35 гектар жер бөлүндү

Учурда ал жерге салына турган объектилердин долбоору иштелип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарына көп кабаттуу үйлөр жана социалдык-маданий маанидеги объектилери бар жаңы кичи районду куруу үчүн 35 гектар жер бөлүндү. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында кабыл алынганы белгиленди.
Мамлекеттик менчикте турган жер тилкенин 34 гектары Чолпон-Ата шаарынын мэриясына, бир гектары Ысык-Көл райондук акимчилигине өткөрүп берилген.
Өкмөттүн маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарынын жеке турак жай курууга арыз берген тургундарынын саны 3000ден ашат. Учурда ал жерге көп кабаттуу турак-жай жана административдик имараттарды куруу долбоору иштелип жатат.
РКӨФ Ысык-Көлдө эки тоок фабрикасын курууга 9,3 млн. доллар бөлдү