Бишкек ЖЭБи ширетүүчүлөрдү жумушка чакырат. Талаптары

Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бишкек жылуулук электр борбору ширетүүчүлөрдү жумушка чакырат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматта 19 ширетүүчү ишке алынары жазылган.
Талапка ылайык, жумушка орношууну каалагандардын тиешелүү тармакта окуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификаты же диплому болушу керек.
Толук маалымат алуу үчүн 0770 032120 номерине кайрылууга болот.
Жол инспектору болууну каалагандарга сынак уланууда. Талаптар