БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ташталган бөбөктөрдүн абалы тууралуу бүгүн Бишкек шаардык кеңешинде маалымат берилди.
Борбор калаанын Саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бакытбүбү Шамырканова төмөнкүлөрдү билдирди.
Биринчи ымыркай (эркек бала) 8-ноябрда таштанды челектен табылып, №1 төрөтканага түшкөн. Баланын салмагы 2,2 кг, бою 49 см болгон, оор абалда реанимацияга жаткырылган. Ай-күнүнө жетип төрөлгөн. Ымыркай төрөт үйүндө 12 күн жатып, абалы турукташкан соң, 2,4 кг салмакта 20-ноябрда Улуттук эне жана балдарды коргоо борборуна которулган. Учурда салмагы аздыгына байланыштуу борбордо дарыланып жатат.
Ал эми Арча-Бешик конушунда табылган наристе 20-ноябрда №2 клиникалык төрөт үйүнө алып келинген. Эркек бала, салмагы 3,4 кг, бою 52 см. Ай-күнүнө жетип төрөлгөн. Бирок төрөтканага катуу суук тийген, оор абалда келген. Абалы турукташкандан кийин 24-ноябрда Улуттук эне жана балдарды коргоо борборуна которулган. Ал жактан медициналык тейлөөдөн өтүп, 1-декабрда балдар үйүнө берилген. Учурда балдар үйүндө. Наристеде жүрөк оорусу бар экени айтылды.
Эске салсак, 8-ноябрда борбор калаадагы таштанды челектин ичинен кызыл эт ымыркай табылып, №1 төрөт үйүнө тапшырылган. Кийин анын энеси табылып, кармалган. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлиги наристенин туугандарын издегенде таенеси Таластан шаарга келип, небересин алып кетүүгө даяр экенин айткан. Келиндин ден соолугуна байланыштуу Октябрь райондук соту аны сыртка чыкпоо жөнүндөгү тил кат менен бошотуу чечимин кабыл алган. Үрөй учурган экинчи окуя 19-ноябрда болгон. Бул күнү саат 22:45тер чамасында Арча-Бешик конушунда дарбазанын түбүнөн полиэтилен пакетке оролуп, коробкага салынган наристе табылган. Милиция аны дароо төрөт үйүнө алып барып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.