БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Декабрда Бишкек жана Ош шаарларында окуучулар үчүн "Менин келечектеги кесибим" фестивалы уюштурулат. Бул тууралуу Сибирь федералдык университетинин (СФУ) маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара Бишкекте 14-декабрда саат 10:00дө КРСУнун башкы корпусунда өтсө, Ошто 16-декабрда саат 10:00дө К. Алтыбаев атындагы № 14 мектепте башталат.
Фестиваль окуучуларга жана алардын ата-энелерине окуу жайга тапшыруу, андагы өзгөчөлүктөр тууралуу маалымат берүү максатында уюштурулмакчы. Ошондой эле СФУ студенттер менен бүтүрүүчүлөр үчүн жумуш издөө, даярдык жана мүмкүнчүлүктөр боюнча багыт берери белгиленди.
Бүтүрүүчүлөр жалпы предметтер (математика, информатика, физика, химия, биология, география, орус тили) боюнча "Ийгиликтүү абитуриент" олимпиадасына катыша алышат. Анын арты менен 2024-жылы СФУга тапшырууда кошумча балл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ал эми 8-10-класстын окуучулары үчүн университет дүйнөдөгү заманбап темаларга айланган мунай казуу, электроэнергетика жана алтын казуу боюнча мастер-класстарды даярдап жатат.
Фестивалга шилтеме аркылуу катталууга болот.