Арча-Бешикте ташталган ымыркай. Таятасы багып алам деп арыз бергени айтылды

8-ноябрда таштанды челектен табылган наристени жакындары Таласка алып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бишкектин Арча-Бешик конушунда ташталган ымыркайды убактылуу кароо боюнча таятасы арыз менен кайрылды. Бул тууралуу мэриянын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Исмаилова Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында билдирген.
Анын айтымында, наристе учурда балдар үйүндө.
"Арча-Бешикте ташталган ымыркай төрөт үйүнөн кийин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланып, 1-декабрда балдар үйүнө берилген. Азыр ошол жакта. Аны убактылуу камкорлукка алуу боюнча таятасы арыз берген. Документтерин толук берсе, таята, таенесине убактылуу (6 айга чейин) кароого берилет. Мөөнөтү аяктагандан кийин баланын кийинки тагдыры чечилет", — деген Исмаилова.
Ал эми 8-ноябрда таштанды челектен табылган наристени жакындары Таласка алып кеткени кошумчаланды.
Эске салсак, 8-ноябрда борбор калаадагы таштанды челектин ичинен кызыл эт ымыркай табылып, №1 төрөт үйүнө тапшырылган. Кийин анын энеси табылып, кармалган. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлиги наристенин туугандарын издегенде таенеси Таластан шаарга келип, небересин алып кетүүгө даяр экенин айткан. Келиндин ден соолугуна байланыштуу Октябрь райондук соту аны сыртка чыкпоо жөнүндөгү тил кат менен бошотуу чечимин кабыл алган. Үрөй учурган экинчи окуя 19-ноябрда болгон. Бул күнү саат 22:45тер чамасында Арча-Бешик конушунда дарбазанын түбүнөн полиэтилен пакетке оролуп, коробкага салынган наристе табылган. Милиция аны дароо төрөт үйүнө алып барып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бишкекте ташталган бөбөктөрдүн абалы боюнча маалымат берилди