Акылбек Жапаров: ар бир окуучуга ноутбук алып берели деген планыбыз бар

Мындан ары STEM-предметтери менен англис тили сабактарында Оксфорд жана Кембридж окуу жайларынын китептери колдонулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ар бир балага ноутбук алып берели деген планыбыз бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Билим берүү жөнүндө" мыйзамын ишке ашырууга байланыштуу жыйында билдирди.
Ал мугалим окуучуга талантына жараша багыт берип, ар бирине жеке мамиле жасап, ресурс, маалыматты кайдан издөө керектигин, эң негизгиси жаңы билимди жаратуу зарыл экенин белгилеген. Буга байланыштуу өкмөт этап-этабы менен мектептин санариптик трансформациясын ачып жатканын билдирди.
"Биринчи этапта ар бир мугалимди ноутбук менен камсыз кылып, аларды кайра даярдашыбыз керек. Мугалимдер ар бир айылда, ар бир шаарда эң алдыңкы адамдардан болууга тийиш. Андан соң ар бир балага ноутбук алып берели деген планыбыз бар. Мындай учурда алардын ар биринин жеке мугалими болуп, билим алууга күнү-түнү мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деген Жапаров.
Мындан ары STEM-предметтер (так илимдер) менен англис тили сабактарында Оксфорд жана Кембридж окуу жайларынын китептерин колдонуу күтүлүп жатканы айтылып, учурда "Акылман" президенттик лицейи бул система боюнча билим алып жатканын кошумчалады.
"Президент, Жогорку Кеңеш, министрлер кабинети биргелешип мектепке чейинки билим берүү тармагында көп иштерди баштадык. Жазында өкмөттүк акселераторлорду ишке киргиздик, бала бакчаларды ачууда лицензиялоону алып салдык, турак жайларда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга шарттарды түздүк, имараттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн санитардык жана башка нормаларды кайра карап чыктык. Кийинки жылы биз бул тажрыйбаны республика боюнча жайылтабыз", — деген ал.
Министр: мугалимдердин окутуу ыкмасын жакшыртуу үчүн инновациялык борбор түзүлөт