Ташиев Жалал-Абадга эл аралык маанидеги аэропорт куруларын айтты

Иштер кийинки жылы башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарына дүйнөнүн төрт бурчуна уча турган эл аралык маанидеги чоң аэропорт курулат. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Көк-Жаңгак шаарындагы маданият үйүнүн ачылышында билдирген.
УКМК төрагасынын айтымында, курулуш иштери эмдиги жылы башталат.
"Жалал-Абадга Көк-Арт өрөөнүнө жакшынакай кылып эл аралык аэропорт салабыз. Кудай буюрса, Москва, Дубай, Стамбулга болобу, ушул жактан уча турган болосуңар. Москвадан Долбоорлоо институтунан келип изилдеп, "Көк-Арт өрөөнүнө аэропорт курса болот" деген корутунду чыгарып беришти. 3-4 айда долбоору жасалып бүтсө, курулушту баштайт", — деди Ташиев.
Ал шаардагы түрмө да толугу менен буздурулуп, ордуна административдик имараттар, иш-чаралар өтүүчү аянт курула турганын белгилеген. Мындан тышкары, стадион толук реконструкциядан өткөрүлүп, Жалал-Абад облусундагы олимпиадалык резервдеги республикалык колледжи ачылары маалым болду.
Жалал-Абадды экинчи "экономикалык жүрөк" кылабыз. А.Жапаров пландарын айтты