Өлкөдө сейрек айдалганы менен сырттан көп сатып алынган өсүмдүктөр. Сандар

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Таруу менен гречка Кыргызстанда өтө аз айдалат, түшүмдүн көлөмү жылына миң тоннага жетпейт. Мындай жыйынтыкты Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына көз чаптыргандан кийин чыгарууга болот.
2018-2022-жылдардын аралыгында таруунун ар жылкы түшүмү 0,1 миң тоннадан тарта 0,3 миң тоннанын ортосунда болуп турган. Ал эми гречка жылына 4 тоннадан 40 тоннага чейин чогултулган.
Импорт боюнча сандар кандай?
Статкомдун маалыматында тышкы соодада булардын өз-өзүнчө кандай көлөмдө сатып алынары да көрсөтүлгөн эмес. Болгону “Таруу, гречка жана башка даны азыктары” деген бөлүк бар.
Импорт боюча маалымат төмөкүдөй:
2021-ж. — 812,4 тонна;
2022-ж. — 788,5 тонна.
Өлкөдө шалы аянттары эгемендүүлүк алгандан бери жети эсеге көбөйгөн